http://ktrkdev.ktrk.kg/Калың журтка кесипкөйлүгү менен жаккан тележурналист - Бөлөкбай Шеримбеков

Калың журтка кесипкөйлүгү менен жаккан тележурналист - Бөлөкбай Шеримбеков

8 Нояб , 1:12 562

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениесинин өнүгүшүнө салым кошуп эмгеги сиңген инсандар жөнүндө көрсөтүүбүздү улантабыз. Бүгүнкү мейманыбыз Кыргыз телерадиосунда 25 жыл иштеп, элдин көйгөйүн таамай чагылдырып, калың журтка кесипкөйлүгү менен жаккан тележурналист, КТРКнын отличниги Бөлөкбай Шеримбеков.

 Иш десе ичкен ашын жерге койгон чебер журналисттин эмгек жолу мына ушул кабарчылыктан башталган. Түйшүктүү бул кесипке ээ болууну ал өспүрүм курагынан бери эле кыялданчу. Ал кыялдар максатка айланып 34 жашынан бери журналистика айдыңында жоопкерчиликтүү жүктү азыр да көтөрүп эмгегин сиңирүүдө.

 

Кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө чыйыр салуу жолунда Бөлөкбай Шеримбеков жетекчилик кызматтарды да аркалап келди. 1998-жылдары “Ала-Тоо” маалымат борборунун алгач орун басары, андан соң башкы редактору болуп эмгектенген. Жумуштан кетип кийин кайра 2005-жылы өзү жакшы көргөн Алатоо маалымат-аналитикалык чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесине кайтып келип татыктуу эмгектенген.

Бөлөкбай Шеримбеков 1995-жылы кыргыз элинин баатырдык “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө да зор салымын кошуп, “Манас 1000” медалынын ээси болгон.

Журналисттик кесипке кандай мамиле жасаш керектигин өзүнүн чыгармачылыгы, кесипке болгон мамилеси аркылуу башкаларга үлгү көрсөтүп келген Кыргыз телерадиосунун отличниги Бөлөкбай Шеримбеков өмүрлүк жары менен 4 уул 1 кызга татыктуу тарбия берип 3 неберенин бактысына балкып жаткан учуру.


Новости по дате