http://ktrkdev.ktrk.kg/Москвада 21 жаштагы кыргыз жаранын поезд сүзүп каза болду

Москвада 21 жаштагы кыргыз жаранын поезд сүзүп каза болду

8 Нояб , 12:55 460

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москва шаарында кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болду. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 21 жаштагы Улукбек Садырбай уулу аттуу жаранды Москва шаарынын "Белорусский" вокзалынан 5-ноябрь күнү саат 21:30 чамасында поезд сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы барып, жабыркаган жаранды алып кеткен. Бирок ал ооруканага жетпей каза болгон.

"Мекендешибиздин туугандары табылды. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экени аныкталды. Учурда анын документтерин топтоп эки күн ичинде сөөгүн мекенге жөнөтүүнү пландап жатабыз", - деди Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов.


Новости по дате