http://ktrkdev.ktrk.kg/Маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунда

Маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунда

8 Нояб , 12:13 383

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

7-Ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнү. Расмий эмес түрдө "төртүнчү бийлик" деп аталган журналисттердин эмгегинин аркасында эл өлкөдө жана чет жакта болуп жаткан эң кызыктуу окуялар жөнүндө кабардар болушат. Ал эми жалпы журналистиканын сапаты кандай болууда?

27 жылдан бери гезит сатуу менен алектенген Зоя Магай, кайсы гезит канчан басылып чыгаарын жана кандай макала жарыялайт жакшы билет. Айтымында кайсы бир жылдары окурмандар күтүп окуган гезиттерге ушул тапта суроо талап жокко эсе. Замандын өсүшү менен гезитке болгон муктаждык да өзгөрүп турат.

Мындан туура 94 жыл илгери, кыргыз тилдүү гезиттердин туңгучу “Эркин Тоо” жарыка дал ушул 7-ноябрь күнү жарыка чыккан. Кийинчерээк өкмөттүн атайын токтому менен бул күн массалык маалымат каражаттарынын кесиптик майрамы катары тарыхка кирген. 

Учурда кыргыз журналистикасы сөз эркиндигинин доорунда, бирден-бир коомдук пикир түзүүчү институтка айланды. Заманбап технологияларды колдонуунун аркасында маалымат таратуу ыкчамдыгы алдыга озду. Чынында эле, журналисттер болбосо коом кантмек деген суроо жаралат. Анча-мынча эл-журт билбесе деген, көрүнбөгөн нерселерди көзгө сайып көргөзүп, айтып, деп, анан коомчулукта резонанс жараткан учурлар арбын.

Учурда Кыргызстанда гезит-журнал, теле-радио деп миңден ашуун массалык маалымат каражаты катталган, алардан башка ондогон веб-сайттар бар. Дал ошол журналистика айдыңында өкмөттүк маалымат каражаттары бийликтин иш-аракеттерин мактоо менен чектелип, көпчүлүк учурларда калыс, тең салмактуу маалыматтар берилбей жатат деген сындар да айтылып келет. Серепчилердин баамында ошол эле учурда ар бир өлкөнүн ишин коомчулука жарыялай турган мамлекеттик маалымат каражаттары болуш керек.

Азыркы заманда адамзат маалыматсыз жашай албайт. Андыктан, маалыматты так, калыс жеткирүү журналисттин аракетине жараша болот. Ошондуктан маалымат таратууда калыстык менен адилеттүүлүктү ар дайым биринчи орунда турушу абзел.

"Төртүнчү бийлик" деген тарыхый атка ээ болгон маалымат каражаттары бүгүнкү күндө жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы жаратмандык күчкө ээ болуп турат. Сөз эркиндиги - бул кыйын кезеңде саясый жана административдик басымдан тайсалдабай, чындыкты түз айткан эр жүрөк журналисттер болуп саналат. Андыктан ар бир журналист өз милдетин так аткарып, жеке саясий кызыкчылыктан бийик туруу керек.



Новости по дате