http://ktrkdev.ktrk.kg/Репрессия курмандыктарына арналган эскерүү китеби даярдалып жатат

Репрессия курмандыктарына арналган эскерүү китеби даярдалып жатат

9 Нояб , 14:09 158

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аны түзүп жаткан илимий топтун жетекчиси Болот Абдрахмановдун айтымында, китепке 1920-жылдан 1953-жылга чейин репрессияга дуушар болгон 20 миң кишинин ысымы кирди. Түзүүчүлөр КГБнын атайын фондундагы мурда жабылган, репрессияга дуушар болгон 13 миңден ашык кылмыш ишин изилдеп чыккандан кийин, жазалангандардын саны "20 миң чамалуу адам" деген тыянакка келген. 

Негизи тарыхчылар канча киши репрессияга учураганын так айтуу кыйын экенин белгилешет. Эске салсак, 80 жыл мурда 5-8-ноябрда "эл душманы" деген жалаа менен кыргыз интеллегенциясынын чыгаан өкүлдөрү атылган. Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов баштаган 138 кишинин сөөгү Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Бишкектин четиндеги Чоң-Таш айылынан табылып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлган.


Новости по дате