http://ktrkdev.ktrk.kg/10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк илим күнү

10-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк илим күнү

10 Нояб 2018 , 5:36 939

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда илимге пайда келтирүү үчүн коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы - Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү. (World Science Day for Peace and Development). Бул күн коомчулуккка пайда алып келүү үчүн илимге жоопкерчиилктүү мамиле кылууну, адамдардын илим тармагында маалымдуу болуу деңгээлин жогорулатууну максат кылат.

Майрам эс алуу күнү деп жарыяланбаса дагы, ар бир өлкөдө илим темасындагы майрамдык маанайдагы иш-чаралар өткөрүлөт. 10-ноябрды Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү деп белгилөө демилгеси 1990-жылы Венгриянын борбору Будапешт шаарында өткөн илимий конференцияда (World Conference on Science) көтөрүлүп чыккан. Ал жыйында коомчулук менен илимдин ортосунда тыгыз мамиле тузүү маселеси каралган. Кыргыз мамлекетинде 10-ноябрды илим күнү деп белгилөө боюнча токтом 2002-жылы 14-январда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган.

Новости по дате