http://ktrkdev.ktrk.kg/Калааны каптаган кара түтүн

Калааны каптаган кара түтүн

20 Нояб , 0:08 932

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Суук түшүп, жылытуу системасы башталгандан бери "Бишкек түтүндүн астында калды, абанын булгануусу нормадан ашып кетти" деп айткандар кайрадан жанданды. Абанын булганганын айрым экологдор шаардагы курулуштун өсүшү менен шамалдын нугун бийик имараттар тосуп калганынан көрүшүүдө. Бирок айлана чөйрөгө жооп берген мамлекеттик орган абанын булганыш деңгээли нормадан ашпаганын айтууда.

200 метрлик бийиктикте дрондон тартылган Бишкектин үстү. Капкара түтүндүн алдында калган шаардын абалы тууралуу Акипресс сайты жарыялаган видео 19-ноябрда тартылган. Ушул эле тасмада 500 метр бийиктиктеги Бишкектин абалы да көрсөтүлгөн.

Бийиктиктеги кара түтүн кыштын келиши менен көмүрдүн көп жагылганынан жана автоунаалардын зыяндуу заттарды көп чыгарганынан улам дешет адистер. Эколог Эмил Шүкүровдун пикиринде, кооптуу абал Бишкекте бир топ жыл мурда эле пайда болгон. Тагыраагы калаанын түштүк тарабына көп кабаттуу имараттардын эсепсиз салынышы тоодон келүүчү шамалдын нугун тосуп, калаадагы аба алмашууну жайлатууда.

Шаарда зыяндуу заттардын нормадан ашкан, ашпаганын мамлекеттик орган текшерип, байкоо салып турат. Андай жети станция бар. Азырынча октябрдагы абалдын жыйынтыгы чыга элек. Бирок абадагы зыяндуу заттар нормадан ашып, коркунучтуу абал жаралды деп айтууга болбой турганын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги белгилөөдө.

Адистер, абанын бузулушун алдын алууда транспорттун жана жылытуунун алтернативдүү ыкмаларын колдонушу зарыл. Азыр деле көңүл чөктүр берген туура эмес, анткени эл аралык уюмдардын эсептөөсүндө Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Бишкек абасы таза шаарлардын баш сабында турат. Ошентсе да, экологияны сактоо, зыяндуу заттарды абага таштоону минималдаштыруу зарылдыгын адистер белгилешет.


Новости по дате