http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкектеги Ош базарында өрткө каршы машыгуу болду

Бишкектеги Ош базарында өрткө каршы машыгуу болду

24 Нояб 2018 , 8:23 622

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги Ош базарында өрткө каршы машыгуу болду. Бул өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн тилсиз жоо чыккан жерге тез жетип, куткаруу бөлүмдөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерип, катталган кырсыкты жоюу максатында уюштурулду. 

Машыгуунун сценарийи боюнча, Ош базарынын түштүк капталынан орун алган имараттан өрт чыккан. Кырсык тууралуу маалымат түшөрү менен аталган дарекке барып, өрттү өчүрүү зарыл болду. 

Бирок атайын техника кырсык катталган жерге тоскоолдуктардан улам араң жеткен. Башаламан жайгашкан соода түйүндөрү жол тыгынын жаратып, коопсуздук маселесине чоң коркунуч жараткан.





Новости по дате