http://ktrkdev.ktrk.kg/“Бишкек - Сүт” заводу кубаттуулугун кеңейтип, экспортко чыгуу ниетин көздөөдө

“Бишкек - Сүт” заводу кубаттуулугун кеңейтип, экспортко чыгуу ниетин көздөөдө

30 Нояб , 12:24 455

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сүт азыктарын чыгарган дагы бир ата мекендик компания өндүргөн продукциясын ЕАЭБ жана үчүнчү рынокко экспортко чыгаруу ниетин көздөп турат. Бул максатта “Бишкек - Сүт” заводу кубаттуулугун кеңейтип, чет мамлекеттен жаңы заманбап жабдуу сатып алып, орноткон. 

Автоматтык түрдө желим бөтөлкөнү үйлөп, ага сүт азыктарын куюп, таңгактаганга чейинки иштерди аткарган жабдуунун ишке киришине премьер-министр старт берди. Бул өз кезегинде сапаттуу жана нукура азыктын өндүрүлүшүн камсыздайт. Ишкананын кубаттуулугу суткасына 6 миң бөтөлкө чыгарат. Мухамммедкалый Абылгазиев өкмөт мындай инвестициялык долбоорлорго өзгөчө маани бере турганын белгилеп, Кыргызстан инвесторлорго ар дайым ачык экенин билдирди. 

Ошол эле учурда өкмөт башчы ишкананын кубаттуулугу кеңейгени социалдык маселелерди жана жумуш менен камсыздоо жагы чечиле турганын ырастады.

“Биз бүгүн ишкананын жаңы өндүрүш багытынын ишке киришине күбө болдук. Өкмөт ушундай өндүрүш, кайра иштетүү ишканаларында мындай иштердин жүрүп жатканына өзгөчө маани берет. Ишкана сүттү дагы үч эсе көп өндүрө алаарын көрдүк. Эгерде ишкана жылына азыр 60 миң тонна сүттү кайра иштетсе суткасына 200 тонна сүттү кайра иштете алат. Ошондуктан ишканага сүт тапшырып жаткан фермерлерге кайрылаарым сүттүн сапатын жогорулатып, асыл тукум уйлардын башын көбөйтсө дейт элем”,- деди премьер-министр Мухамммедкалый Абылгазиев. 

Новости по дате