http://ktrkdev.ktrk.kg/Транспорт жана жолдор министрлигинен айдоочуларга эскертүү

Транспорт жана жолдор министрлигинен айдоочуларга эскертүү

1 Дек , 15:11 462

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Транспорт жана жолдор министрлиги өлкөдөгү тоолуу аймактарга сапарга чыгып жаткан айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты сактап, кышкы дөңгөлөктөрү менен гана чыгууну эскертет. Унаада күрөкчө, чынжырча сыяктуу зарыл буюмдарды алып жүрүү керек. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей 1-3-декабрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын жолдорунда, өзгөчө ашууларда жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаа тыгыны жаралбашы үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 

Ошондой эле, транспорт министрлиги Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында жол тазалаган кызматкерлер кадимки режимде иштеп, зарыл болгон бардык техникалар бар экени кошумчаланды.

Новости по дате