http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды

1 Дек , 15:15 422

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Тактап айтканда, биргелешкен долбоорлордун жана келишимдерди ишке ашыруу, натыйжалуу кызматташтык тууралуу сөз болду. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан менен Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Европа биримдигине социалдык-экономикалык тармактагы ар кыл долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы мезгилдеги оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. 

«Биздин ортобуздагы кеңири өнөктөштүк тууралуу жаңы келишим терең кызматташтык үчүн, анын ичинде соода-экономикалык жааттагы кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүсүн күтүүдөбүз. «ВСП+» статусунун алкагында зор мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз түрдө колдонуу зарыл», – деди ал.


Новости по дате