http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери жүрүүдө

3 Дек , 12:46 568

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 3-декабрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында, 198-255-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эскертишет. 

Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 29-ноябрынан 5-декабрына чейин кар көчкү коркунучу бар аймактарда артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү иш-чаралы жүргүзүлөт. 2-декабрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында кар көчкүсүн атып түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иш-чаралары 3-декабрь күнү улантылаарын, ӨКМ эскертет. 

Новости по дате