http://ktrkdev.ktrk.kg/Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу сот иши уланууда

Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу сот иши уланууда

5 Дек , 22:29 279

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн кезектеги отурум болуп, анда күбөлөр көрсөтмө беришти. Энергетика тармагынын мурдагы жетекчилери январда болгон аварияга жана ЖЭБди оңдоого байланыштуу өткөрүлгөн тендер боюнча айыпталып жатышат.

Бишкек жылуулук электр борборунда болгон кырсыктан кийин жалпысынан 4 кылмыш иши козголуп, анын экөө сотко өткөрүлгөн. ЖЭБдеги авария жана кезектеги жылдык оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугу Биринчи май райондук сотунда териштирилүүдө. Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун экс-жетекчиси Узак Кыдырбаев менен анын орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБдин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу баштаган бир катар адамдар аварияга байланыштуу суралууда. Ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборунун эски блокторун жылдык оңдоого байланыштуу өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш иши өзүнчө каралууда. Жылуулук ишканалары сурак берип жаткан мурдагы жетекчилеринен миллиондогон каражаттарды кайтарып алууну максат кылууда.


Новости по дате