http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз телеберүүсүнүн 60 жылдыгына карата КТРК мыктылары сыйланды

Кыргыз телеберүүсүнүн 60 жылдыгына карата КТРК мыктылары сыйланды

6 Дек , 16:10 350

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

60 жылдык тарыхы бар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын мааракеси майрамдык шаң менен белгиленди. Мааракенин урматына арналган иш-чарада КТРКнын өнүгүшүнө салым кошкон ардагерлерге жана учурда да жигердүү кызмат өтөп жаткан татыктуу кызматкерлерге КТРКнын сыйлыктары берилди.

КТРКнын отличниги жана жылдын мыкты кызматкери сыйлыктары тандалып алынган ар бир редакциядагы кесибин сүйгөн татыктуу кызматкерлерге тапшырылды. Алардын катарында "Ала-Тоо 24"каналынын тажрыйбалуу оператору Нуркамил Асановго КТРКнын отличниги сыйлыгы ыйгарылса, каналдын таланттуу журналисти Актилек Гүлжигит кызы жылдын мыкты кызматкери, КТРКнын расмий сайт бөлүмүнүн редактору Мира Алымова жана башка кызматкерлер жылдын мыкты кызматкери сыйлыгы менен сыйланыштыАл эми жаңы көз карашы,терең ой жүгүртүүсү менен өзгөчөлөнгөн жаш операторубуз Аскар Улан уулуна да КТРКнын атайын сыйлыгы тапшырылды. 

Мындай сыйлыктар КТРКнын ар бир кызматкеринин ишмердүүлүгүн өргө жиреген стимул болсун деген ниетин каналдын башчысы Илим Карыпбеков билдирди.


Новости по дате