http://ktrkdev.ktrk.kg/“Манас” эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

“Манас” эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды

6 Дек , 0:05 337

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

“Манас” эл аралык аэропортуна жаңы жетекчи дайындалды. 

Мурдагы директор Эмир Чукуев өз ыктыяры менен отставкага кеткен соң, директорлор кеңешинин чечими менен анын ордуна Нурлан Маратов бекиди. Маратов 6-декабрдан тарта кызматка киришти. Жаңы жетекчи өлкөнүн аба майданын бешинчи даражадагы аба эркиндигине чыгарууга бел байлап турат. 

Нурлан Маратовго Эл аралык “Манас” аэропортун жетектөө сунушу түшкөндө алгач ал компаниянын ишмердүүлүгү менен кеңири таанышып чыккан. Анын карамагына Кыргызстандын жети дубанында жайгашкан 11 аэропорт кирет. "Манас" Эла аралык аэропорту бүгүнкү күндө өлкө бюджетине ири суммада киреше алып келет. Акцияларынын 79,5 пайызы мамлекеттики.

Жаңы жетекчи келечекте бешинчи даражадагы аба эркиндиги ачылат деп ишенет. Бешинчи даражадагы аба эркиндиги эркин авиаиндустрияны чыңдоого багытталган. Чет элдик учактардын учуп-конуусуна, билеттин наркына жана жүк ташууларга мамлекет кийлигишпейт. Бул атаандаштыкты арттырып, тейлөө сапатын жакшыртууга түрткү берет.


Новости по дате