http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРК кадрлардын мектеби

КТРК кадрлардын мектеби

11 Дек 2018 , 17:51 1498

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРК - журналисттердин алдыга өсүүсүнө дем берет... Бир убактарда жаштыгын, убактысын, жан дүйнөсүн кыргыз телевидениесине берип, ошол эле маалда каналдан тажрыйба топтоп, кесиптик чеберчилигин арттырган журналисттер учурда кайсыл гана тармакта болбосун ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Жаннат Мажитованын ТВдагы таржымалы 2006-жылы башталган. Мугалим адистиги боюнча 5 жыл иштеп, кийин телеге режиссёрдун жардамчысы болуп орношуп, бала кездеги тележурналист болуу кыялын КТРКдан ишке ашырган. Изденүү, жоопкерчилик, эң башкысы карапайым элге болгон сүйүүсү аны телевидениеге байлап, көптөгөн кадрлардын арасынан журналисттик кесиптин чеберине айланткан. 10 жылга жакын эмгек жолунда калктын социалдык көйгөйлөрүн, өлкөнүн экономикалык абалын, президенттин иш сапарларын, парламенттин ишмердүүлүгүн кыргыз телевидениесинин Ала-Тоо маалымат программасында чагылдырган. 

Жаннат Мажитова азыр мамлекеттик кызматта. 4 жылдан бери парламенттин басма сөз кызматында эмгектенип келет. Эл өкүлдөрү көтөргөн элдин көйгөйлөрү, депутаттар сунуштаган мыйзам долбоорлор, парламентчилердин аймактарга, чет өлкөлөргө иш сапары азыр Жаннат Мажитова менен анын кесиптештери аркылуу калың элге жетет. Ага көрүүчүлөр жумасына бир ирет өлкөдөгү ири телеканалдар аркылуу күбө болушат. 

Сулуу, сымбаттуу, жагымдуу үндүү алып баруучу - Алия Рашева. Ал 2007-жылы кыргыз теле көрсөтүүсүнө келип, "Ала-Тоо" маалымат программасында 5 жыл эмгектенип жаңылыктарды көрүүчүлөргө жеткирген. Орус тилдүү алып баруучу бул аралыкта көптөгөн кыргызстандыктарды суктантып, жүздөгөн жаштардын алып баруучулук кесипти тандашына себепчи боло алган. КТРКда иштөө менен жашоого көз карашы өзгөргөнүн айтат каарманыбыз.

КТРдеги белгилүүлүктөн кийин коңур үндүү алып баруучу Алия Рашева үчүн бүгүнкү күндө бардык твнын каалгасы ачык. Ал өзү сүйгөн кыргыз телесинен 2014-жылы өз каалоосу менен кеткен. Учурда жеке каналда алып баруучу, жооптуу редактор болуп эмгектенип, жаш кадрларды даярдоодо да кеңешин берип келет.

КТРКнын мурдагы кызматкерлери алардын бүгүнкү күндөгү ийгиликтери бир убакытта Коомдук каналга берген эмгектин үзүрү, жемиши экенин бир ооздон айтышат. Ошол эле маалда ийгиликке күн сайын изденүү, күжүрмөн аракет гана жеткирээрин белгилешет. 



Новости по дате