http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз телевидениеси - таланттарды таптаган мектеп

Кыргыз телевидениеси - таланттарды таптаган мектеп

12 Дек 2018 , 17:02 6019

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз телевидениеси таланттарды таптап, турмушка татыктуу узатуучу чоң мектеп. Бүгүнкү каарманыбыз Бурулкан Нуракова. КТРде эмгектенген 10 жылы - ага байлык, бийлик, мансаптан да жогору турган тажрыйба бергенин сыймыктануу менен айтат. 


90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында көрүүчүлөр кыргыз твсындагы жаңылыктар, телевидениенин бир күндүк программасы диктор Бурулкан Нуракованын жүзү, үнү менен экрандан көрүп, угушчу. 


Ал телевидениеге 17 жашында келген. Алгачкы тажрыйбасын Жалал-Абад шаардык твдан баштап, кийинчерээк КТРдин облустук бөлүмүндө иштейт. Экранга ылайыктуу келбети, так дикциясы, анан да камерадан тартынбай, кабарларды кагаз карабай айтып берген өзгөчөлүгү менен борборго которулат.

Нуракованын борбордук телеканалдагы иши жаңылыктарды берүү ыкмасы жаңырып, тагыраагы даяр текстти окуучу диктордун ордуна алып баруучу кызматы пайда болуп жаткан маалга туш келген.





Новости по дате