http://ktrkdev.ktrk.kg/"Макмал" алтын кенин иштетүүгө кызыкдар инвесторлордун арызы каралууда

"Макмал" алтын кенин иштетүүгө кызыкдар инвесторлордун арызы каралууда

14 Дек 2018 , 15:15 1223

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Кыргызалтын" ишканасы Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан "Макмал" алтын кенин иштетүүгө кызыкдар инвесторлордун арызын карап жатат. Мындан бир ай мурун "Макмалалтын" комбинатынын филиалынын базасында биргелешкен ишкана түзүүгө сынак жарыяланып, ага кыргызстандык жана чет өлкөлүк компаниялар, жеке жактар да катышууда. 

Арыздар келип түшкөндөн кийин, аны мекеме аралык комиссия карап, беш жумушчу күндүн ичинде жеңүүчүнү аныктайт. Кенди иштетүүнү каалагандардын алдына бир топ талап коюлган. Алардын ичинде жергиликтүү тургундарды жумушка алуу, Тогуз-Торо районунун социалдык жана экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон социалдык пакетти түзүү милдеттери бар.

Новости по дате