http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Нөшөрлүү жамгырдан кийин селдин алдында калган Самат айылы

Элдик репортер: Нөшөрлүү жамгырдан кийин селдин алдында калган Самат айылы

15 Апр , 10:14 270

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Лейлек районунун Самат айылында 7-апрелде тынбай жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин, сел жүргөн. Айыл тургундарынын биздин рубрикага жөнөткөн маалыматында  ылай аралашып келген суу айрым турак үйлөрдүн короолоруна чейин кирип,  арыктарга ылай толуп, унаа жолу дагы селдин алдында калган. 

Район жетекчилиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тийиштүү адистери келип колдон келген жардамдарын беришти. Бирок айыл дагы эле сел каптоо кооптуулугунда турат. Ушул маселени өкмөт колго алып, селдин нугун башка тарапка буруу жагын караштырса ...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате