http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Балыр баскан сууну ичкен Чаек айылынын тургундары

Элдик репортер: Балыр баскан сууну ичкен Чаек айылынын тургундары

15 Апр , 15:22 322

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айланасы таштандыга толгон, балырлап кеткен сууну ичип жашап жатышкан Чаек айылындагы Эсенжан Сапарбеков көчөсүнүн тургундары "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү калтырышкан. Алардын айтымында,

Нарын шаарындагы Жумгал районуна караштуу Чаек айылында Эсенжан Сапарбеков көчөсүнүн башынан бизге таза суу барат. Бул видеодо көрүп тургандай таза суу жердин алдынан чыгат. Бизге санэпидемстанциядан келип ичкенге болбойт деп тыюу салышкан, курамында күкүрт бар деп айтышкан. Суу аябай алыс жайгаштандыктан, 80 ашык түтүн  ушул жерден суу ичип жатабыз. Азыркы учурда боору ооругандардын саны да өсүүдө. Таза сууга абдан муктаж болуудабыз. Бул жерге келип унааларын жууп кетишет.  Жогору жактагыларга кайрылат элек, тез аранын ичиде ушул маселени чечип берсеңер жакшы болот эле.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате