http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Ынтымак айылындагы жаңы мектептин курулушу жылбай турат

Элдик репортер: Ынтымак айылындагы жаңы мектептин курулушу жылбай турат

15 Апр , 14:34 258

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ынтымак айылында жер көчкүдөн турак-үйлөрү жабыркаган  бир нече айылдын тургундары барып отурукташкан. Ал айылга жаңы мектептин курулушу башталып, ал тургай 2018-жылы окуу жылында колдонууга берилет деген дагы убада болгон. 

Бирок курулуш иши создугуп, ушул убакка чейин ачылган чачылган бойдон турат. Ал эми, мектеп окуучулары 9 чакырым алыстыктагы Куршаб айылына барып келип билим алып жатышат. Мындай нерсеге, убада убагында аткарылбаганына ата-энелер нааразы болууда.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате