http://ktrkdev.ktrk.kg/ЖЭБги авария боюнча соңку жараяндар өтүүдө

ЖЭБги авария боюнча соңку жараяндар өтүүдө

18 Апр , 22:13 571

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жылуулук электр борборундагы өндүрүш кырсыгына байланыштуу сот чечими келээрки аптада чыгышы мүмкүн. Жарыш сөздө мурдагы энергетиктер бири-бирин айыптады. "Улуттук энергетикалык холдинг" менен "Электр станциялары" акционердик коомунун абакта жаткан мурдагы жетекчилери Бишкек жылуулук электр борборун кейиштүү абалынан кабардар болбогонун билдиришсе, Жылуулук борбордун мурдагы директору имарат менен жабдууларды оңдоо тууралуу бир нече ирет кат жолдогонун белгиледи.

Мамлекеттик айыптоочулар Жылуулук электр борборунун мурдагы директорун ЖЭБди кышка даяр деп отчёт бергендердин катарына кошкон. Бирок Нурлан Өмүркул уулу прокуратуранын жүйөөсүн четке кагууда. Ал борбордун абалы кооптуу экенин бир нече ирет коңгуроо кылганын айтып жатат.

ЖЭБди жылдык оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу да талаш жаралууда. Имарат кейиштүү абалда турганда убакыт кетирбестен, тендерсиз эле келишим түзүүгө мүмкүн беле деген суроо коюлду. Бул маселеге “Электр станциялары” акционердик коомунун айыпталып жаткан мурдагы башкы директору Узак Кыдырбаевдин жактоочусу жооп кайтарды.

Ал эми айыпталуучулардын дагы бири Нургазы Курманбековдун адвокаты Жылуулук борборунун имаратын оңдоого башкы инженердин укуктары болбогонун билдирүүдө.

Жыйынтыктап айтканда энергетика тармагынын абакта жаткан мурдагы жетекчилери ЖЭБдин кейиштүү абалын билген эмеспиз деген билдирүү жасап жатышат. Бирок мамлекеттик айыптоочулар мындай пикирге макул эмес. Буга чейинки отурумда айыпталып жаткан бардык тараптардын жоопкерчилиги бар экени белгиленген.

Айбек Калиев, Темирлан Бримкулов, Бердибек Боркоев жана Нурлан Садыков мурдагы отурумда жарыш сөзгө чыгышкан. Айыпталуучуларды 2,5дан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу суралган. Чечим келээрки аптада кабыл алынаары күтүлп жатат.Боркоев ЖЭБге байланыштуу башка иш - жасалма тендер өткөрүү боюнча да айыпталып, 7 жарым жылга абакка кесилген. Ал эми Айбек Калиев менен Темирлан Бримкулов мурдагы премьер-министрлер менен бирге ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча да айыпталышууда.



Новости по дате