http://ktrkdev.ktrk.kg/Өз каражатына бала бакча куруп берген ишкер

Өз каражатына бала бакча куруп берген ишкер

19 Апр , 9:29 1948

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коммунизм айылына курулган жаңы бала бакча 55 орунга ылайыкташкан. Мында балдар үчүн бардык шарт каралган. Заман талабына жооп берет.

Бакчанын ачылышы менен жумуш орундары түзүлгөн. Ага жергиликтүү тургундар тартылган. Азыр мында 52 бала тарбияланууда.

Балдар бакчасын жергиликтүү ишкер Момунжан Алиев куруп берген. Максатым - аймактарды өнүктүрүүгө салым кошуу дейт. Курулушка 6 миллион сом каражат жумшалган. Момунжан Алиевдин апасы 10 баланы төрөп, тарбиялап өстүрүп, кезинде бала бакчада да тарбиячы болуп иштеп, көзү өткөн экен. Бакча куруп калганыма апам чоң себепчи болду дейт ишкер.

Үй-бүлөбүз менен чечим кабыл алып, айылга бала бакча куруп берүүнү туура көрдүк. Балдар биздин келечегибизда. Кудай насип кылып, бакчаны бүгүн тапшырып жатабыз. Бул жерден билимдүү, элге кереги тийген балдар чыксын деп тилек кылабыз, - деп билдирди ишкер.

Бакчанын курулушуна жергиликтүү бийлик да салым кошуп, 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүп берген. Ал акча имарат ичиндеги эмеректерге жумшалган.

 Жалал-Абад облусу боюнча бүгүнкү күндө 294 бала бакча болсо, анын 19у жеке ишкерлер тарабынан курулган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн белгилөөсүндө, соңку учурларда элет жеринде социалдык көйгөрлөрдү чечүүгө көмөктөшүп жаткан жөнөкөй жарандар жана жеке ишкерлер көбөйдү. Алардын аракеттери элге да, мамлекетке да чоң жардам болуп жатат. 

Новости по дате