http://ktrkdev.ktrk.kg/Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт

19 Апр , 10:28 18379

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдиргендей, таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-132-чакырымдарында 22-26-апрель күндөрү жүргүзүлөт. Бул штер унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. 

Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы 22-26-апрель күндөрү эртең мененки саат тогуздан 15:00 чейин унаа жолун маал-маалы менен жаап турат. Белгилей кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулуп калган учурда таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат.


Новости по дате