http://ktrkdev.ktrk.kg/Казакстанда жеңил учак кулап, 2 адам каза болду

Казакстанда жеңил учак кулап, 2 адам каза болду

22 Апр , 9:30 400

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Казакстандын Караганда облусунда жеңил учак кырсыкка кабылып, эки экипаж мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык авиация комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-апрель күнү саат 16:25те Балапан аэродромунда машыгуу учууларын аткарган жеңил учак конуп жаткан маалда кырсыкка кабылган.

Учурда өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдындагы кырсыктарды иликтөө башкармалыгы тергөө иштерин баштады.


Новости по дате