http://ktrkdev.ktrk.kg/Өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 пайызга азайды

Өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 пайызга азайды

24 Апр , 9:21 241

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыркы жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдардын саны 84,6 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, былтыр алгачкы үч ай аралыгында 39 өзгөчө кырдаал катталса, бул жылы үчөө катталды.

Ошондой эле кырсыктын айынан келтирилген чыгымдар да азайган. Өткөн жылы 229 миллион 393, 8 миң сом чыгым келтирилсе, быйыл 5 миллион 20,6 миң сом чыгым келтирилген.

Новости по дате