http://ktrkdev.ktrk.kg/Аймак өнүксө, өлкө өнүгөт

Аймак өнүксө, өлкө өнүгөт

30 Дек 2018 , 0:45 432

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башында президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялады. Башынан эле аймактарды өнүктүрүү программасы бир жыл менен гана чектелбеси, быйыл башталган иштер өлкөнүн 2023-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясынын алкагында улантылып, ал эми андан ары 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү концепциянын негизинде ишке ашырылары белгиленген. Биринчи кезекте өлкө башчысы каржы булактарынын багытын айыл аймактарга бурду.

 Азыркы күндө Кепилдик фонду, кыргыз -орус өнүктүрүү фонду, РСК жана Айыл банктын каражаттарынын эсебинен өлкөдө ондогон долбоорлор иштеп жатат, чакан жана ири завод, фабрикалар ачылды. Аларда жүздөгөн жумушчу орундары түзүлүп, мамлекеттин казынасын толтурууга өбөлгө болууда. Өлкө башчысы аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги багыт- кайра иштетүүчү ишканаларды куруу, экологиялык таза продукцияны тышка экспорттоо, дыйкан, фермерлерди жеңилдетилген жана арзан үстөк пайыздуу насыялар менен камсыздоо, аны менен катар өлкөнүн ирригациялык тутумун өнүктүрүп, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу деп белгилеген. 


Новости по дате