http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкек шаарында былтыркыга салыштырмалуу таштандынын көлөмү 4 эсеге аз чыкты

Бишкек шаарында былтыркыга салыштырмалуу таштандынын көлөмү 4 эсеге аз чыкты

1 Янв , 15:11 784

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында жаңы жылдык майрамдан кийин жылдагыга салыштырмалуу аз таштанды чыкты. Көрсөткүч 4 эсеге азайган. Бирок таштандынын көлөмү күндөгүгө караганда 2-3 эсеге көп. 

Желим бөтөлкөлөр, жер-жемиштердин калдыктары, шириндиктердин баштыктары - булар жаңы жылдык майрамдан калган таштандылар. Тазалыкты сактоо максатында 31-декабрга карата "Ала-Тоо" аянтына кошумча 40 таштанды челек коюлган.

Майрамга карата шаар тургундары эс алып жатса, тазалык кызматкерлеринин жумушу 2-3 эсеге оорлошту. Өзгөчө “Ала-Тоо” аянтына бөлүнгөн жумушчулар түнү да ушул жерде ыргытылган таштандыларды тазалап жүрүшкөн. Таң атпай, кайрадан аянтты шыпырып, тазалоого киришишти.


Майрамдан кийин “Ала-Тоо” аянтынын өзүнөн эле 3 тонна таштанды чыгарылган. Бул башка күндөргө караганда 2-3 эсеге көп. Аянтты тазалоого 60 кызматкер тартылып, учурда тазалап бүтүштү. Ошондой эле 4 техника иштеди.


Борбор калаадан бүгүн чыккан таштандынын көлөмү күндөгүдөн көп болгону менен мурдагы жылдардадагыдай эмес. Жыл сайын жаңы жылдык майрамдан кийин 12 тоннадан ашык жыйналчу.

Новости по дате