http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкек шаарынын тургундары жаңы жылды жагымдуу маанай менен тосуп алышты

Бишкек шаарынын тургундары жаңы жылды жагымдуу маанай менен тосуп алышты

2 Янв , 17:38 949

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

31-декабрда борбордук Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын тургундары менен меймандары жаңы жылдык концертке күбө болушту. Калаа мэриясы тарабынан уюштурулган масштабдуу иш-чара түнкү саат 12ге чейин созулду.

Жылмайган жүздөр, балдары ээрчиткен ата-энелер жана жаштар. "Ала-Тоо" аянтына чогулган эл жаңырган жаңы жылды жакшынакай майрамдык маанай менен жаркылдап тосуп алышты.

Жаңы жылга арналган концерттик программаны мыкты уюштуруу үчүн калаа мэриясы бир нече күн мурда даярдык көргөн.

Салтанатты Расул Багышбаев менен Айгүл Курманова алып барышты. Алар үчүн башкы милдет кечени жогорку деңгээлге чыгарып, жагымдуу маанай тартуулоо болду.

Концерт түнкү саат 12ге чейин уланып, аягында жети мүнөткө созулган майрамдык салют атуу менен аяктады. 2019-жылда ар бир адамдын тагдыры ийгиликтерге бай болуп, мекенибиз гүлдөп өнүгө берсин дейли. 



Новости по дате