http://ktrkdev.ktrk.kg/Тоо-кен тармагынын адистери Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы

Тоо-кен тармагынын адистери Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы

25 Апр , 23:11 436

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоо-кен тармагы боюнча адистер да Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы. Айтымында биринчиден экологияга зыян болсо, экинчи жагы уран өлкө экономикасына анча пайда бербеген соң анчалык деле зарыл эмес. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары Өкмөт башчыга уран кенин чалгындоого жана иликтөөгө уруксат бергендерди жоопко тартууну демилгелеп чыкты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кенде жумуштар толугу менен токтотулганын жана тиешелүү техникалар чыгарылып кеткенин билдирди. Темага кабарчыбыз Нургуль Жумабекова токтолот.

Парламент эки күндөн бери Өкмөттүн былтыр аткарган ишинин оң жана терс жактарын салмактап, демилге, сунуш-пикирлер менен колдоп берди. Өкмөткө кайрылып чыгып сүйлөгөн эл өкүлдөрүнүн көбү уран кени тууралуу маселе козгоду. Абылгазиев Кызыл-Омпол кени боюнча Өкмөттүн көрүп жаткан аракеттерине токтолду.

Тармакты жакшы билген тажрыйбалуу адистер өлкөнүн уранга болгон муктаждыгы болбогон соң иштетүүнүн кажети жок деген пикирде. Тоо-кенчилер жана геологдор биримдигинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев Миң-Кушта урандын кору түгөнгөдөн кийин 70-жылдардын башында тоо кенчилер Кызыл-Омпол кенинде ишти улантмак-дейт. Бирок Ысык-Көл биосфералык аймакка киргенине байланыштуу уран кенин казууга таптакыр тыюу салынган.

Орозбек Дүйшеевдин пикирине башка да кесиптештери кошулат. Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында бир гана Таш-Булак участкасында эки миң тонна кенди кайра иштеткенде эле алты миң тонна уулуу калдыктар чыгат. Аны рекультивация кылууга миллиондогон каражат сарапталат.

Муну менен катар адистер иштетүү эмес чалгындоого уруксат бербеген мыйзамдар бар экенин белгилейт. Бул “биосфералык аймактар тууралуу” жана “Ысык-Көлдүн экологиялык-экономикалык аймагы тууралуу” мыйзамдар.

Мындан улам адистер - уран кенин иштетүүгө кандайча жана ким уруксат берди деген маселе ачык турууда деп жатышат.

Дал ушул Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө уруксат лицензиялар кайсы убакта жана ким тарабынан кол коюлуп берилгени коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратып жатат.

Жалпы коомчулук уранды иштетүүгө каршы. Ошол эле маалда депутаттар Кыргызстан боюнча уран кенин иштетүүгө мараторий жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун даярдай турганын билдирүүдө. 



Новости по дате