http://ktrkdev.ktrk.kg/Футзал боюнча эл аралык мелдеш башталды

Футзал боюнча эл аралык мелдеш башталды

7 Янв , 11:10 2359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада футзал боюнча эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Наристе-2019" аталышындагы мелдеш 8-январга чейин уланат. Анда Казакстан, Кыргызстандан чогулган 54 команда, тагыраагы 500дөн ашык оюнчу күч сынашат. 

Олимпиадалык эмес спорттун түрү боюнча дирекция жана Кыргызстандын футзал лигасы уюштурган иш-чаранын максаты — сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу.

Новости по дате