http://ktrkdev.ktrk.kg/Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иш-чаралар

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылган иш-чаралар

7 Янв , 12:47 449

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өткөн жылы өлкө башчысынын алгачкы жарлыктарынын бири -  2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жыл деп жарыялоо болгон эле. Анын алкагында аймактарда жумушчу орундарын түзүү, жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл чарба, чакан жана орто бизнести колдоо, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригацияны өнүктүрүү, социалдык обьектилердин жетишсиздигин жоюу жана башка бир катар тармактарда көйгөйлөрдү чечүү негизги максат эле. 

Бул боюнча бийликтин бардык бутактарына, ар бир мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилип, жыл соңунда бир жылдын жыйынтыгы чыгарылды.



Өткөн жылы президенттин тапшырмасы менен казынадагы каражаттын басымдуу бөлүгүн аймактарга бурууга мүмкүн болду. Айрыкча дыйкан фермерлерди жеңилдетилген жана үстөк пайызы арзан насыялар менен камсыздоо артыкчылыктуу багыттардын бирине кирди. Бул иштердин уландысы 2019-жылы да жасалып, аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу активдүү түрдө уланмакчы. 



Аймактарды өнүктүрүү жылы 2018-жылдын башында жарыяланып, анын алкагындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Калктын жалпы санынын 65 пайызы айыл жеринде жашагандыктан, басымдуу бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Андыктан өлкө башчысы жарлыкты гана жарыялап койбостон, анын ишке ашыруу ыкмаларын да сунуштады. 

Эң оболу Кыргыз орус өнүктүрүү, Кепилдик фонддорунун жана мамлекеттик банктардын каражатын айыл жерине багыттоо чечими кабыл алынган. Ушул кезге чейин 2 млрд сомдон ашык каражатка 1600дө долбоор каржыланган. 

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду быйыл өлкөнүн аймактарынан түшкөн долбоорлорду каржылоого басым жасады. Жергиликтүү ишкер жана фермерлерди колдоо максатында аймактарда кеңеш берүүчү борборлор ачылган. Андан тышкары фонд тарабынан банктардын ортомчулугусуз түз каржылоонун көлөмү 1 миллион доллардан 200 миң долларга төмөндөтүлгөн.




Новости по дате