http://ktrkdev.ktrk.kg/"Лучше всех" долбоорунун катышуучусу Мухаммадали  Хасанахунов  (видео)

"Лучше всех" долбоорунун катышуучусу Мухаммадали Хасанахунов (видео)

26 Апр , 22:13 994

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

22-апрель күнү Орусиянын Биринчи каналы аркылуу Кыргызстандык Мухаммадали Хасанахуновдун өнөрү көрсөтүлгөн. 10 жаштагы спортчу "Лучше всех"  теледолбооруна атайын чакыруу менен катышып келди. "Али Ван Дамм" каймана ысымдагы мекендешибиз шоумен Максим Галкиндин суроолорго так жооп берип, спорттун таэквондо жана гимнастика түрү боюнча көнүгүүлөрдү жасап, залдагы көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. 


Ушул берүүдөн кийин, Мухаммадалинин ысымы Кыргызстанга гана эмес, бүтүндөй Орусия элине тааныла баштады. Азыр, Кара-Суулук Хасанахуновдордун үйүндө күнү кур эмес, конок үзүлбөйт. Куттуктап келгендер менен журналисттердин аягы тыйыла элек.

Али машыгуучу шаймандары бар спорт залда эмес, дал ушул өзү туулуп өскөн үйдүн короосунда эле ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт. Машыктыруучусу -атасы. Хаятбек Хасанахунов, уулун, 3 жашынан тартып алгач гимнастика, кийинчерээк уруш өнөрүнүн таэквандо түрүнө машыктыра баштаган. Спорттук билиминин жоктугу кичинкей Алинин кыялын орундатууга тоскоол боло алган эмес. Машыгуунун ыкмаларын интернеттин жардамы менен үйрөткөн.

Новости по дате