http://ktrkdev.ktrk.kg/ Жаңы эрежелердин максаты - жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо

Жаңы эрежелердин максаты - жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо

8 Янв , 23:32 1335

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүн жаңы эрежелерди киргизип жатканынын башкы максаты - жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сот-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдарга байланыштуу жыйын өткөрдү.

“Акчалай жазалоо”. Өкмөт “Бузуулар” жөнүндөгү кодекстеги талаптарды сактабагандарга мына ушундай чара киргизген. Башкы максат - жарандардын коопсуздугун камсыздоо. Башкалар ойлогондой бюджетти толтуруу эмес, - деген Өкмөт башчы денеге оор жаракат келтирген, өкүнүчтүүсү өлүм менен коштолгон жол кырсыктары көбөйүп жатканын белгиледи.

Коомдо жол эрежесин бузуп кармалгандар очойгон айып пулду төккөндөн көрө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспекторго пара берип кутулган жакшы же мындан ары эми инспекторлор көбүрөөк пара алып калат деген кыязда кызуу талкуу оорун алды. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт-деди Премьер-министр.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы жүрүм турумга байланыштуу- өзгөчө “түкүргөндөргө” салына турган айыптын киргизилгенине айтылып жаткан нааразычылыктар боюнча да оюн кошумчалап кетти. Өкмөт башчы мындай эрежелер тазалыкты, маданияттуулукту, жаш муунга үлгүлүү жүрүм турумду көрсөтүү максатын гана көздөйт.

Чынында жаңы кирген айрым эрежелер катаал экени айтылууда. Бирок бул мыйзам менен кирип жаткан жаңы талаптар мурдагыдай жазалоого эмес гумандуулук жагына ыктайт. “Бузуулар” боюнча кодексте айып төлөп чыгып кетүү жагына көбүрөөк көңүл бөлүнгөн. Талдоочулардын пикиринде мыйзам баарына бирдей. Болгону тартип бузбай, үлгүлүү жүрүм турумду көрсөткөн жарандардын капчыгына да оорчулук келбейт.



Новости по дате