http://ktrkdev.ktrk.kg/2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды

2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды

9 Янв , 13:56 1743

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Чүй облусунун Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди. 

2019-жылдагы өзүнүн алгачкы иш сапарын Чүй облусунун Сокулук районунан баштаган мамлекет башчысы "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган 2018-жылда негизги иш-аракет аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, айыл жеринде ишкерликти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталганын эске салды. 

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, региондорду өнүктүрүү иштери быйыл да уланат, токтобойт, кийинки жылдары да элет жерин өнүктүрүү - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон кала берет. 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланат. 

Билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфратүзүм артыкчылыктуу тартипте киргизилет. "Коопсуз шаар" жана "Коопсуз жол кыймылы" долбоорлору сөзсүз ишке ашырылат.

Новости по дате