http://ktrkdev.ktrk.kg/Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде камералар иштей баштады

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде камералар иштей баштады

9 Янв , 13:46 1822

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине "Коопсуз шаар" долбоорунун негизинде коюлган камералар тесттик тартипте иштей баштады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 

Долбоордун биринчи этабынын алкагында 10-февралга чейин он көчө кесилишинде камералар ишке кирет. Камералар күнү-түнү иштеп, видео жана фотоматериалдарды топтойт. 

Долбоорду ишке ашыруу 4 этапка бөлүнгөн. Анын экинчи бөлүгү ушул жылдын март айында башталат. Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун россиялык "Вега" концерни ишке ашырууда.

Новости по дате