http://ktrkdev.ktrk.kg/Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районуна иш сапары менен барды

Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районуна иш сапары менен барды

9 Янв , 12:58 651

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусунун Сокулук районуна болгон жумуш сапарынын алкагында өлкө башчысы райондогу айыл чарба жана жеңил өнөр жай ишканаларына барды. Мындан сырткары Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялоо борборунда болуп, алардын жашоо шарты менен таанышып, муктаждыктарына күбө болду.

Бул Сокулук районундагы «Агропродукт Азия» компаниясы. Ишкана мөмө жемишти сактоочу логистикалык борбор жана аны жууп тазалап, сорттоочу чакан фабрикадан турат. Ишкана 2015-жылы ачылып, азыркы күнгө чейин чет мамлекеттерге 10 миң тоннага жакын мөмө жемиш экспорттоду. Азыркы күндө логистикалык борбордо алма, картошка, пияз, сабиз жана капуста сакталат. 



Компания азыркы учурда 28 гектар жерге алма көчөттөрүн тигип, андан түшүм алууда. Быйыл дагы 31 гектар жер ишке киргизилмекчи. Ал эми келечекте өздүк чийки зат алына турган жерди, тактап айтканда алма бактын аянтын 200 гектарга жеткирип, мөмө жемишти кайра иштетүүчү завод ачуу планы бар. Өлкө башчысы ишканадагы жумуш процесси менен толук таанышып чыкты. 



Андан соң, мамлекет башчы Военно-Антоновка айылында жайгашкан бут кийим чыгаруучу заводго барды. Мында жарандык жана атайын багыттагы бут кийимдер тигилет. Ишкана 2017-жылы ачылып, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 3,4 млн доллар насыя берилген. Заводдун кубаттуулугу жылына 120-140 миң даана бут кийим чыгарып, алар жергиликтүү базарга жана чет мамлекеттерге экспорттолууда.

Келечекте жумуш орундарын 60тан 200 кишиге чейин көбөйтүү пландалууда. Өлкө башчысы ишкерлердин эмгегине ыраазычылыгын билдирип, алардын аракети өлкө экономикасына чоң салым болуп жатканын белгиледи. Кийинки жылдары дагы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири - ишкерлерди колдоо болмокчу.

Президент заводдон ата мекендик өндүрүштөгү бут кийимден бир даанасын сатып алды.

Президент иш сапарынын алкагында, Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялоо борборунда болду. Борбордун жетекчиси Айзада Асанованын айтымында, медициналык пункттун капиталдык оңдоп түзөө иштерине жана дарылоо, дене тарбия кеңсесин оңдоп түзөө иштерин жүргүзүүгө акча каражаты керектелет. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жана 100 орунга ылайыкташтырылган бул реабилитациялоо борборунда талма оорусу менен 27, церебралдык шал оорусу менен 20, азыраак акыл эстен артта калуу менен 19, оор акыл эстен артта калуу менен 14, даун диагнозу менен 7, аутизм менен 2 бала багып, каралат.



Сооронбай Жээнбеков реабилитациялоо борборун карап чыгып, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө көмөктөшө турганын белгиледи. Мамлекет башчысы борбордо иштеп жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, алардын социалдык багыттагы суроолоруна жооп берди. Борбордун ишмердүүлүгүнүн негизги максаты - ар дайым кароого муктаж болгон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга социалдык кызматтын түрүн көрсөтүү. Алар - социалдык медициналык, педагогикалык, психологиялык, маданий, укуктук кызматтар. 




Новости по дате