http://ktrkdev.ktrk.kg/Кыргыз-Кытай мамилелери тууралуу жыйын өттү

Кыргыз-Кытай мамилелери тууралуу жыйын өттү

10 Янв , 12:51 255

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы убакта коомчулукта нааразычылыктарды жаратып жаткан Кыргызстандагы кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясына байланыштуу жана жалпы эле Кыргыз-Кытай мамилелери тууралуу өлкөнүн Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынын өткөрдү.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногондугуна чейрек кылымдан ашты. 27 жыл аралыгында, Кыргыз-Кытай мамилеси эч солгундабай, тыгыз кызматташтык уланып,эки өлкө ортосундагы алака жылдан жылга бекемделип келүүдө.

Мамлекеттик долбоорлорго тартылган кытай инвестицияларынын жалпы көлөмү 2,1 миллиард долларды түздү. Бул каражаттар жол инфратүзүмүн жакшыртууга жана энергетика тармагына багытталган. Анын негизинде төмөнкү долбоорлор ийгиликтүү жыйынтыкталды

Өткөн жылы Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 3,8 млрд сомдү түздү. Анын 57 пайызы “Жунда” ишканасына туура келсе, 37 пайызы,тагыраак айтканда 1,3 миллиард сому “Алтынкен” жоопкерчилиги чектелген ишканасына туура келет. Жалпысынан жергебизде иштеп жаткан 397и Кытай ишканалары бар. Ал инвестициялар негизинен кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларына багытталды.

Былтыр өлкө аймагына кирип чыккан 24 миң 836 кытайлык жаран катталган. Анын 25и гана Кыргызстандын аймагында жашоого уруксат алгандыгы маалым болду.

Биринчи вице-премьер-министр жарандарды өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл чакырыктардын жайылтылышы боюнча түрдүү аракеттерге алдырбоого чакырды.

Кыргыз өкмөтү жарандарды эч кандай чагымчыл материалдарды таркатпоону жана мыйзамсыз иштерге аралашпоону суранат.





Новости по дате