http://ktrkdev.ktrk.kg/Эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан 5 тасма катышат

Эл аралык кинофестивалга Кыргызстандын атынан 5 тасма катышат

10 Янв , 13:32 2088

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бангладештин борбору Дакка шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалга Кыргызстандан 5 тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. 

Аталган фестивалда 72 өлкөдөн келген 220 тасма бир нече сынактык программада ат салышат. Азиялык тасмалардын сынагына Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры, режиссер айымдардын тасмалары катышкан бөлүктө Елизавета Стишованын “Сулайман -Тоо” жана Чолпонай Бөрүбаеванын “Өмүр” тасмалары катышат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Алина Абасова, "Биринчи радио"


Новости по дате