http://ktrkdev.ktrk.kg/Салык кызматы: 3 айда ишкерлерди текшерүүдө 3 700ден ашык мыйзам бузуу аныкталды

Салык кызматы: 3 айда ишкерлерди текшерүүдө 3 700ден ашык мыйзам бузуу аныкталды

30 Апр , 9:32 527

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында 10 552 рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзгөн. 

Анын ичинен 6 555 рейддик салыктык контроль, 3 997 контролдук сатып алуу.

Рейддик салыктык контроль жана контролдук сатып алууну жүргүзүү учурунда ишкерлердин иштеринде 3 722 ар кандай бузуулар аныкталган, анын ичинде 1261 бузуу – контролдук сатып алуу учурунда.

Бузуулардын ичинен 913 субъектте уруксат документтери жок болсо, 537инде патенттин мөөнөтү өтүп кеткен, 229да контролдук-кассалык машина жок болгон, 74 субъект бузулган ККМди колдонгон, ал эми 899у чекти урбай же бербей койгондугу менен байланыштуу. Мындан тышкары, 4 субъектте акциздик маркалардын жоктугу же анын ылайык келбөөсү, 1066 – башка бузуулар аныкталган.

Новости по дате