http://ktrkdev.ktrk.kg/Мирлан Бакиров: "Аймактык административдик реформаны тездетүү зарыл"

Мирлан Бакиров: "Аймактык административдик реформаны тездетүү зарыл"

11 Янв , 13:31 659

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аймактык административдик реформаны жүргүзүү зарыл, бирок аны кылдат талдап, жети өлчөп бир кесүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Бул максатта Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 2018-жылдын ноябрь айында  жумушчу топ түзүлүп иштеп жатат. Буга чейин жумушчу топтун жетекчиси биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алгачкы негиздери даяр болуп калганын, бирок акыркы чечим коомчулук менен кошо талкууланып элдин пикири эске алынарын айткан болчу. 

Тармактык эксперттер маселе 20 жылга жакын убакыттан бери козголуп ишке ашпай келгенин белгилеп жатат. Алардын айтымында өлкөдө айрым райондон айыл өкмөт, областан райондун калкы көп болгон фактылар кездешет. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио" 


Новости по дате