http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Караколдо беш саатка чейин жарык өчүп эл кыйналууда

Элдик репортер: Караколдо беш саатка чейин жарык өчүп эл кыйналууда

11 Янв , 15:54 423

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тасмада Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Коенкөзов көчөсүнүн башынан аягына чейинки үйлөрүндө электр жарыгы жок, караңгы отурушканы, бирок көчөдөгү шамдар күйүп турганы көрсөтүлгөн. Шаар тургунун айтымында, күнүгө шаардын ар бир райондорунда төрт - беш сааттан ушинтип жарык өчүп турат. 

"Жогору жактагы өкмөт башчысы, бийлик өкүлдөрүнө кайрылат элек, ушул Каракол шаарын ирээтке келтирип, көзөмөлгө алсаңар жакшы болмок. Каракол шаарынын тургундары электрдин өчүшүнөн кыйналып бүтүштү. Эмне кылыш керек? Кайда барыш керек? Жетекчилерине барсак, бизде жарык өчпөйт деп жооп беришет", - дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате