http://ktrkdev.ktrk.kg/Дүрбөлөңгө түшкөн менен мыйзам баарына бирдей!

Дүрбөлөңгө түшкөн менен мыйзам баарына бирдей!

11 Янв , 0:15 535

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айрым маалымат каражаттарында Бишкектеги маршруттук унаалардын айдоочулары каршылык акциясына чыгууну пландап жатат деген маалыматтар жарыяланган. 

Ал арада Бишкек шаардык мэриянын тиешелүү өкүлдөрү, жүргүнчү ташуучу маршруттук транспортторду иштеткен компаниялардын өкүлдөрү жана айдоочулар менен жолугушту. 

Мурдатан каршылык акциясына чыгабыз деп билдирип жатышкан маршруттук унаалардын айдоочулары, жолугууга келгенде таптакыр ойлорун өзгөртүштү. Айтымдарында жүргүнчүлөрдү ташуучулар митингге чыгууну каалашпайт.

Автотранспорт агенттиги жүргүнчү ташуу тууралуу мыйзамга баш ийбеген айдоочуларга тиешелүү чара көрүлүшү керек деп эсептейт. Анткени алардын аша чаап кеткен учурлары кызуу талкууга алынып келет.
Буга ардагер адамды унаага киргизбей эшигин бекитип алган бул видео мисал боло алат.

2018-жылы коомдук унаалар катышкан жол кырсыктары азайган жок. 2017-жылы коомдук транспорт катышкан 626 жол кырсыгы катталса, анын 430у ошол коомдук транспорттун айдоочуларынын айынан болгон. Былтыр дагы бул көрсөткүч сакталып, абал өзгөргөн эмес. 

Тескерисинче чак түштө, жөө адамды коюп кетип, унаасын башкарып баратып телефондон видео көрүп бараткан айдоочулардын жоруктары интернет айдыңын аралап жүрөт.


Новости по дате