http://ktrkdev.ktrk.kg/Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы

Аймактарды өнүктүрүү жылынын жыйынтыгы

13 Янв , 22:52 1179

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошентип, 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланды. 

Президент былтыр жыл башынан эле аймактарды өнүктүрүү токтобой турганын, ал алдыдагы беш жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты бойдон калаарын билдирип келген. Ага катар мамлекетти санариптештирүү азыркы күндүн актуалдуу маселеси катары белгиленди. 

Жаңы жылдын аталышын жарыялоо президент Сооронбай Жээнбековдун Чүй облусунун Сокулук районунан болгон жумушчу сапарына туш келди. Айтмакчы бул өлкө башчысынын 2019-жылдагы алгачкы жумушчу сапары болуп калды.

Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтсак, ар бир район, облусту өзүнүн өзгөчөлүгүнө жараша өнүктүрүү маселеси буга чейин эле коюлган. Анүстүнө бардык аймактардын жеке мүмкүнчүлүгү, атаандаштыкка туруштук бере турган потенциалы бар. Аларды туура пайдаланып, түз жолго салуунун өзү эле өнүгүүнүн өзөгү болуп берет.

Ал эми санарип маселеси- эң ириде карапайым калктын жашоо шартын жеңилдетүүгө багытталган. 

Маселен 200гө жакын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр толугу менен ишке кире турган болсо жарандар бир маалымкат алуу үчүн 5-6 мамлекеттик мекеменин эшигин кагып убара болбойт. Бул жумуштардын бардыгын тиешелүү органдар өзү жасайт. 

Ал эми мамлекеттик кызматкер менен жарандын ортосундагы түз байланышты кыскартуу- коррупция менен күрөшүүгө жакшы ыкма болуп берет. 


Новости по дате