http://ktrkdev.ktrk.kg/Баткендин сел коркунучунда турган айылдарына дамба курулду

Баткендин сел коркунучунда турган айылдарына дамба курулду

14 Янв , 10:32 316

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндөгү сел коркунучунда турган айылдарга 70 миң куб сууга туруштук бере турган дамба курулду. Бул үчүн айыл өкмөтүндө 300 миң сомдук долбоор даярдалып, эл да ашар жолу менен салым кошкон. 

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги керектүү техникалык каражаттарды бөлгөн. Эми Ак-Турпактагы Өтүкчү, Кызыл-Коргон, Токой жана Ак-Турпак айылдарында сел коркунучу азайды. 

Буга чейин аталган айылдарда жаанчыл мезгилдерде сел жүрүп, бир топ чыгаша алып келчү.

Новости по дате