http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө тротуар качан түшөт?

Элдик репортер: Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө тротуар качан түшөт?

15 Янв , 13:36 163

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүндө 2016-жылы жол оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Унаа каттамы үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнү менен жөө каттамдар айрыкча мектеп окуучулары үчүн чоң кооптуулук жаралууда. Анткени жолдун эки тарабында тең тротуар салынган эмес. Ал эми ушул унаа жолдун чети менен күнүгө ондогон окуучулар мектепке барып келип билим алууда. Балдарыбыз үчүн убайым тартып, кечке чейин санаага батабыз. Ушунча жол оңдоо иштери каралган жерде эмне үчүн тротуар жагы эске алынган эмес? Жергиликтүү бийликтегилер ушул маселени тиешелүү жактарга жеткирип, быйыл бир чара көрүлөт деген үмүттөбүз,- деп кайрылат шаар тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате