http://ktrkdev.ktrk.kg/Элдик репортер: Ош шаарынын көркүн кетирген көрүнүштөргө ким чара көрөт?

Элдик репортер: Ош шаарынын көркүн кетирген көрүнүштөргө ким чара көрөт?

15 Янв , 13:56 209

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаары бир кездери кооздугу жана  тазалыгы менен көпчүлүктү  суктандырган шаар эле. Бирок, жыл өткөн сайын шаардын көркүн кетирген көрүнүштөр көп катталууда. 

Шаардын мындай абалга келишине иштеп жыйынтыгын бере албаган жетекчилерин гана күнөлөйбүз. Эгерде алар тараптан катуу көзөмөл болсо, мындай абалга кептелмек эмес. Бир эле мисал келтирели, учурда Масалиев көчөсүндөгү Каныкей апабыздын эстелигинин тамгалары бири өчүп, бири жулунуп турат. Ал эми убагында алынбай, урналардан ашып турган таштандылар тууралуу айтпай эле коелу.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате