http://ktrkdev.ktrk.kg/Россия тарап Кыргызстанга аскердик-техникалык унаа каражаттарын өткөрүп берди

Россия тарап Кыргызстанга аскердик-техникалык унаа каражаттарын өткөрүп берди

15 Янв , 18:06 3487

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Россия Федерациясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында техникалык көмөк көрсөтүү келишимине ылайык, Россия тарап Кыргызстанга аскердик-техникалык унаа каражаттарын өткөрүп берди.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жана чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышты. Бардыгы 125 даана автотехника өткөрүлүп берилди, анын ичинен 108 унаа жүк жана өздүк курамды ташууга, 4 машина жер казып, жүк көтөрүүгө ылайыкташтырылган. 

Мындан сырткары, медициналык кызмат көрсөтүүчү, жер бургулоочу жана атайын багыттагы унаалар бар. Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевдин айтымында, эки тараптуу келишимге ылайык буга чейин орус өкмөтү Кыргызстандагы 11 чек ара бөлүгүн оңдоп-түзөп, атайын жабдууга жардам берген. 

Экинчи этапта аскердик техникалык багыттагы автоунаалар берилсе, үчүнчү этап чек ара тилкелерин кайтарууга заманбап үлгүдөгү атайын каражаттар менен жабдуу иштери жүрмөкчү.

Новости по дате