http://ktrkdev.ktrk.kg/ЖК Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алды

ЖК Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алды

2 Май , 21:07 410

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран чалгындоого жана казууга тыюу салган токтом кабыл алды. Парламент мындай чечимге Кызыл-Омпол уран кени боюнча маселени талкуулагандан кийин келди. Кызыл-Омпол кенинде уран кени иштетилбейт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов лицензияга ээ болгон "Кыргызстандагы ЮрАзия" компаниясы уруксат лицензияны кайтарып алган учурда дагы эч кандай доомат койбой турганын билдирди.

Уран маселеси парламенттин талкуусуна түштү. Депутаттардын басымдуу бөлүгү Кызыл-Омполдогу уран кенин ишетүүгө каршы экенин билдирди. Эл өкүлдөрү айрымдар чынында эле экологияга кооптонуп күйүп-бышып жатса, кээ бири учурдан пайдаланып өзүн жарнамалап камын ойлогондор да болду деген ойдо. Мындан улам депутаттар жарандардын арасында түшүнбөстүк жаралбаш үчүн өкмөт маалыматтык компанияны алып барышы керек - дешти. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 22-апрелде премьер-министр маалымат бергенден кийин эле кенде иш токтолуп, техникалалар чыгарылып кеткенин белгиледи. 


Новости по дате