http://ktrkdev.ktrk.kg/Азия кубогу: Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлиги беттешет

Азия кубогу: Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлиги беттешет

21 Янв , 10:18 4861

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Футбол боюнча Азия биринчилигиндеги беттештердин алкагында бүгүн, 21-январда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин футболчулары күч сынашат. Таймаш Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайед" стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 23:00дө башталат. 

Кечээ жарым чейрек финалдын бөлүгү старт алды. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат. Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын жарым чейрек бөлүгүнө чыгышкан.

 

Учурда кыргыз интернет коомчулугунда "Ак шумкарларды" колдоо боюнча флешмоб өтүп жатат. Анын шарты боюнча Азия кубогунда ат салышып жаткан футболчуларды колдогон ыр саптар, жеңишке жетелеген кыйкырыктарды айткан же ураан чакырган видеотасмаларды социалдык тармактарга жүктөө керек. Колдонуучулар мындан тышкары, оюнчуларды беттеш убагында колдоп жаткан фотосүрөттөрдү да жарыяласа болот. 

Эске сала кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кезектеги оюнун бүгүн Бириккен Араб Эмираттарына каршы өткөрөт. Беттешти КТРК жана КТРК Спорт каналдары түз алып көрсөтөт.

Новости по дате