http://ktrkdev.ktrk.kg/КТРК Москва шаарында корреспонденттик пункттун ачат

КТРК Москва шаарында корреспонденттик пункттун ачат

7 Май , 9:36 2428

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москва шаарында КТРКнын расмий корреспонденттик пунктту ачылат. Себеби, Россия Федерациясынын аймагында Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны расмий эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашкан. Эми Коомдук биринчи канал жана "Ала-Тоо 24" каналынан мекендештерибиздин жашоо-турмушу, ийгиликтери жана көйгөйлөрү тууралуу материалдарды көрө аласыздар.    

Ачыла турган КТРКнын корреспонденттик бөлүмүндө "Ала-Тоо 24" каналынын атайын кызматкерлери эмгектенип, Кыргызстанга Россия жергесинен өздүк жаңылыктарды жөнөтүп турушмакчы. Бул иштер КТРКнын өнүгүү багыттарынын бири, элибизге жеринен так жана обьективдүү маалымат жеткирүү аракети. 

   

Новости по дате